Бүгүн, 22-август саат 14:30да Бишкек шаардык сотунда жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин (Адилет Балтабай) соту болот. Бул тууралуу оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков Фейсбук баракчасына жазды.
Блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип, камакка алынган. Ал 30-июнда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кармалып, милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
27-июлда сот анын камак мөөнөтүн 29-августка чейин узарткан.
Активист буга чейин Кыргызстанда казино ачылышына каршы болуп, митингдерге активдүү чыгып жүргөн.