Connect with us

Муфтий дин өкүлдөрүнө жол кырсыгынан каза болгондорго багыштап Куран окууну тапшырды

Кыска кабар | 22 Авг 2022 | 427 | 0

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев өлкөдөгү дин кызматкерлерине Орусияда жол кырсыгынан каза болгондорго багыштап хатм Куран окуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, ар бир окулган хатм Курандын сообу маркумдарга багышталат.

«Ульяновск облусунун Николаевск районундагы Прасковьино жана Новоспасское айылдарынын ортосундагы М-5 «Урал» автожолунда болгон жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык мекендештерибиздин туугандарына жана жакындарына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана жалпы мусулмандардын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жараткан Алла Таала ар бириңиздерге бекем сабырдуулукту жана кайраттуулукту берсин. Бул каргашалуу кырсыкты жалпы мусулмандар жана кыргыз эли оор кайгы менен кабыл алып, мекендештерибиз үчүн оор жоготуу деп билемин. Алла Таалам маркумдарыбызды өз ырайымына алып, ага-тууган, жакындарына сабыр берсин», — деп жазылат муфтияттын билдирүүсүндө.

Кечээ, 21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда чоң жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргызстандын жараны болгон. Мындан сырткары 3 кыргыз жараны ооруканага жеткирилген. Кырсык Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасск айылдарынын ортосунда, «Урал» чоң жолунда катталган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM