Марал Радиосу

Бишкекте тигүү цехинен өрт чыкты (сүрөт)

Бишкектин Дачная көчөсүндө жайгашкан тигүү цехтен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм, Штаб, саат 05:59да ККББдан ыкчам топ тартылган.

Тилсиз жоо 06:35те чектөөгө алынып, толук саат 09:12де өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда.

Жабыркагандар жок.