Connect with us

Жер көчкү жүрүп кетүү коркунучу бар 44 тилкеде алдын алуу иштери жүргүзүлөт

Кыска кабар | 20 Авг 2022 | 229 | 0
Республика боюнча 44 жер көчкү кооптуулугу бар жерлерди зыянсыздандыруу боюнча ири долбоор башталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Анын айтымында, «Азия Өнүктүрүү Банкынын» колдоосу менен ишке ашуу алдында турган долбоордун жалпы суммасы 39 млн долларды түзөт. Анда аталган аймактарда атайын адистер тарабынан изилдөө иши жүргүзүлүп, тиешелүү чечим чыккан соң, Кыргызстанда биринчи жолу жер көчкү жүрө турган тилкелерде топуракты атайылап тектирлеп түшүрүү ыкмасы менен табигый кырсык жоюлат.
Ошондой эле министр ушул жылдын башында жана жакынкы күнү алынган ири көлөмдөгү техникалардын мүмкүнчүлүгү, республика боюнча бөлүштүрүлүшү жөнүндө маалымат берди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM