Ташкенттеги ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин кеңешмесинин алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ички иштер министрлери Улан Ниязбеков жана Пулат Бобожонов жолугушту.
ИИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө заманбап дүйнөнүн криминалдык чакырыктарын, маалыматтык чөйрөдөгү кылмыштуулукту, терроризмди жана экстремизмди, мыйзамсыз миграцияны, баңгизаттарды, курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүнү жана адамдарды сатууну эске алуу менен кызматташууну мындан ары кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, ошондой эле региондук коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында узак мөөнөттүү кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду.