Марал Радиосу

Ош шаарында автобустарга айдоочулар кабыл алынат

Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы күтүлүп жаткан жаңы муниципалдык автобустарга жаңы линияларды тейлөө үчүн айдоочуларды кабыл алууну жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Айдоочуларга болгон негизги талап, D категориясындагы айдоочулук күбөлүгү жана жоопкерчиликтүү, жумушуна так мамиле кылуусу керек.

Жумуш боюнча Ош шаары, Касымбеков көчөсү, 21 дарегине кайрылууга болот.

Толук маалымат алуу үчүн байланыш номерлери: 0500040664; 0705311094; 0771649191; 0553392374.