Быйыл жети айда өлкө аймагында 1 миң 232 өрт кырсыгы катталды. Көрсөткүч былтыргы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30%га аз. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы 1 миң 780 өрт кырсыгы катталган.
Тилсиз жоодон материалдык чыгымдардын суммасы 358 млн сомду түзгөн. Ал эми кырсык 19 адамдын өмүрүн алып, 17 киши жабыркаган.
Шамырканов жарандарды өрт коопсуздугун сактоодо жана алдын алууда каражатты эч аябоого чакырды.