Марал Радиосу

Караколдо жаштарга арналган инновациялык борбор курулууда

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында жаштарга арналган инновациялык борбор курулууда. Бул тууралуу Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күнгө карата курулуш иштери 70%га бүткөрүлдү. Китепкана шаардык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен түптөлүүдө. Аталган имарат өзгөчө заманбап шарттар менен салынып жатат.

Мында өнүктүрүү аянтчасы уюштурулуп, интеллектуалдык оюндар өтүп турат.

Заманбап китепкананын биринчи кабатында окуу залы жайгашып, жаштарга ылайыктуу электрондук бөлмө даярдалат. Жер төлөсү архив болмокчу.