Марал Радиосу

Жапаров жана Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Орус өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүдө өзгөчө басым ушул жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык өз-ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жасалды.