Марал Радиосу

Ысык-Көлдө кытай жараны изделүүдө

Four Kyrgyz horsemen in the Sarycat Ertas Nature Reserve.

Ысык-Көл облусунда Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти 22 жаштагы Кытай жараны Сай Тун изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кытай жараны 24-июлда Ак-Суу районунун Ала-Көл жайлоосуна чыгып кеткен боюнча кайрылып келбеген эмес. Мындай маалымат 18-августта Ысык-Көл облустук Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын кат аркылуу билдирилген.

Маалыматтык билдирүүдөн улам Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткарууу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, облустук милиция кызматкерлери менен биргелекте издөө иштерине жөнөп кетишкен.

Учурда издөө иштери жүрүп жатат.