Биз менен байланышыңыз

Элдик курултайды өткөрүү боюнча биринчи отурум болуп өттү

Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 494 | 0

Бүгүн, 19-августта Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында элдик курултайды уюштуруу комитетинин биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Иш-чарага уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, Президенттин администрациясынын кызматкерлери, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле коомдук ишмерлер катышты.

Жыйында эл менен жолугушууларды жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча жакынкы келечектеги тапшырмалар аныкталып, элдик курултайды уюштуруунун алкагында техникалык мүнөздөгү конкреттүү тапшырмалар берилди.

Сүйүнбек Касмамбетов  уюштуруу комитетинин негизги тапшырмасы элдик курултайга делегаттарды көрсөтүү жана шайлоо процессинин таза жана ачык өтүшүн камсыз кылуу экенин белгиледи.

Биринчи элдик курултай 25-ноябрда Бишкек шаарында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM