Марал Радиосу

Салбуурунчулар Түркиядан кайтып келди

Түркияда болуп өткөн Ислам шериктештиги оюндарына кыргыздын улуттук салбуурун оюну менен «Салттуу Жаа» атуу боюнча катышкан спортчулар бүгүн, 19-августта «Манас» эл аралык аэропортуна келип конду. Спортчуларды тосуп алууга Жогорку Кеңешинин депутаты Максатбек Сарбагышев барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эл өкүлү спортчуларга белек тапшырып, алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалады.

Ал эми аталган улуттук оюн боюнча Кыргызстандын куржунунда 1 алтын, 2 коло медаль топтолгон.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев, Кыргыздын улуттук оюну Салбуурун оюнунун президенти болуп август айынын башында шайланган.