Марал Радиосу

Кытайдын куралдуу күчтөрү Орусиядагы аскердик машыгууга катышат

Кытайдын куралдуу күчтөрү Орусияда өтө турган аскердик машыгууга катышат. 30-августтан 5-сентябрга чейин Орусияда «Восток-2022» аталышындагы эл аралык аскердик машыгуу өтөт.

Кытай аталган машыгууга өз аскерин жибере турганын Орусиянын Коргоо министрлиги маалымдады. Бул машыгууга Кытайдан сырткары Индия, Белоруссия, Тажикстан жана Монголия да чакырылган.

Орусиянын коргоо министрлиги аскердик машыгуунун азыркы геосаясий абалга эч кандай тиешеси жоктугун кошумчалаган.

Батыш өлкөлөрү Кытай менен Индияны Украинадагы согуштун фонунда Орусияга дипломатиялык көмөк көрсөтүүдө деп айыптап келет. Ал эми Кытай менен Индия Кремлдин Украинадагы саясаты тууралуу расмий пикир билдирген эмес.

 

Exit mobile version