Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Ата мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жөө жүрүшү башталды (сүрөт)

Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 349 | 0

Бүгүн, 19-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жөө жүрүшү башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

Жөө жүрүштүн ачылышында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө өлкөдө 200 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар экендигин, анын 35 миңин 18 жашка чейинки балдар түзөрүн билдирди.

«Бүгүнкү күндө жарандардын бул категориясына максималдуу көңүл бурулууда. Президент Садыр Жапаров ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана чоңдорго жөлөк пулдарды эки эсеге көбөйттү. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пул 50%га жогорулады. 2021-жылдын 1-декабрынан баштап ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жеке жардамчылары айына 6300 сомдон алышат. Бул кызматты 8,5 миң бала алат. Ал эми ушул жылдын 1-июнунан тартып I топтогу бала кезинен майыптыгы бар (18 жаштан жогору, сырттан дайыма камкордукка жана көзөмөлгө муктаж) адамдар үчүн жеке жардамчы кызматтары жеткиликтүү болуп калды» , — деди Базарбаев.

Ошондой эле министр реабилитациялык борборлордун курулушу башталгандыгын кошумчалды.

Жөө жүрүш «Теңдик» майыптар союзунун демилгеси менен өтүүдө.

Ага 40ка жакын адам катышууда. Алар Чолпон-Атадан Караколго чейин 135 чакырым жол басып өтүшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM