Марал Радиосу

Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, 17-июлда Р.А. аттуу жаран ошол күнү саат 21:00дөн 05:00гө чейин Көк-Жар конушунда Молдокулов көчөсүндө токтоп турган 170 миң сомдук «Мерседес Бенц 190» үлгүсүндөгү унаасын мыйзамсыз тартып алган белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражатын уурдоо) боюнча катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда унаа ээсине кайтарылып, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.