Марал Радиосу

Өспүрүм кызды зордуктоо фактысы боюнча экинчи шектүү кармалды

Буга чейин өспүрүм кызды зордуктоого шектелип «Алтын Казына» кафесинин кызматкери кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка катыштыгы бар экендиги такталып, 1996-жылы туулган Т.М. аттуу экинчи шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында белгисиз адамдар 2005-жылы туулган О.А. аттуу кызынын зордукталганын айтып, чара көрүүнү суранган.

Арыз Аламүдүн милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иши жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин курамы менен кылмыш иши козголгон.

Окуянын жагдайы боюнча адамдар такталып, алар суракка алынып көрсөтмөлөрүн беришкен. Ошондой эле тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө уланып жатат.

Exit mobile version