Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бала бакчадан өрт чыкты

Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 291 | 0

Бүгүн, 19-август саат 11:00дө Бишкектин Ташкент көчөсүндөгү бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:19дан тарта жалпы ӨКМдин 4 бөлүм чакырылган.

Маалыматка ылайык, учурда өрт өчүрүлүп, жабыркагандар жок.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы өрттү өчүрүүгө көмөк көрсөтүшкөн.

Жашыл чарбачылар балдарды коопсуз аралыкка эвакуациялап, «Бишкекжашылчарба» ишканасынын актовый залына жайгаштырышкан.

 Балдар аман-эсен куткарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM