«Дос-Кредобанк» Ысык-Көл облусуна караштуу Боом капчыгайында «Ак-Жол» кафесинде электр унааларын кубаттоочу станциясын ачты. Аны колдонуу бекер жана күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу банктын расмий сайтына жарыяланды.
Банктын жаңы саясатына ылайык, мамлекеттин экологиясы, жашыл технологияларды кеңейтүү маселелери биринчи ордунда турат.
Статистикага таянсак, 2021-жылга чейин Бишкекте эки жүздөй электромобиль жана аларды кубаттоочу 2 станция болгон. Учурда өлкөдө электромобилдерди колдонууну жайылтуу үчүн кубаттоочу станциялардын санын көбөйтүү боюнча иштер алып барылып жатканы айтылган.