Марал Радиосу

19-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 19-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,

Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +27…+29 градус болот.