Марал Радиосу

Жапаров Бишкекти өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясынын борборду өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Анда «Акылдуу шаар-Бишкек» долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Жапаров шаарды натыйжалуу башкаруу, анын ичинде транспорттук, турак-жай-коммуналдык жана башка маселелерди чечүү максатында инновациялык технологияларды ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, ал борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен биргеликте «Алтын-Ордо» жаңы конушундагы мектептин курулушу, №20 мектептин имараты жана кошумча курулушу, ошондой эле №10 мектепти оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Жапаров окуу жайлардагы оңдоо-куруу иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды.