Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бейбаштыкка шектелген жаранды кармашты.
Милиция бөлүмүнө 7-августта А.А. аттуу жаран ошол эле күнү таңкы саат 05:30 чамасында Аалы Токомбаев көчөсүндө коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп, денесине залал келтирген белгисиз жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Жабырлануучу дарыгерлерге кайрылганда, жаак сөөгү эки жеринен сынгандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган А.М. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.