Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту.
Жолугушууда экономика, энергетика, саламаттыкты сактоо, санариптештирүү, суу жана жер ресурстары тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Навид Хасан Накви Акылбек Жапаровго алдыда өтүүчү Бишкек экономикалык форуму, Дүйнөлүк банктын операциялык иштер маселеси боюнча башкаруучу директору Аксель фон Тротсенбургдун иш сапары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы учурда беш жылдык мөөнөткө Стратегиялык өнөктөштүктүн алкактык макулдашуусу даярдалып жаткандыгы жана аны кыргыз тарапка 2023-жылдын биринчи кварталында сунуштоо пландалып жаткандыгын билдирди.
Жапаров алдыдагы форумду жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.