Марал Радиосу

Кытай 550 бейтаптын көзүнө бекер операция жасоого жардам берет

Быйыл октябрь айында «Экспресс ден соолук» долбоорунун алкагында Кыргызстандын муктаж жарандарына көздүн катарактасына 550 операцияны бекер жасоого даяр кытайлык алдыңкы дарыгер-офтальмологдорунун Кыргызстанга келиши пландалып жатат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык тармактарга өзгөчө көңүл буруу менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз тарап Кытайдын негизги соода-экономикалык өнөктөш катары өзгөчө маанисин белгилеп, кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча мындан ары жемиштүү иш алып барууга даяр экендигин белгиледи.

Exit mobile version