Connect with us

Жапаров Кытайдын элчиси менен темир жол долбоорун талкуулады

Кыска кабар | 18 Авг 2022 | 238 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык тармактарга өзгөчө көңүл буруу менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Кытай мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцяндын «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу маселесине тийиштүү билдирүүсүн айтты.

Кытай тарап кыргыз жана өзбек тарап менен долбоорду мындан ары илгерилетүү үчүн кызматташууга даярдыгын билдирген.

Акылбек Жапаров жакында долбоордун активдүү фазасы баштала тургандыгына ишенимин билдирген.

Жолугушууда элчи Ду Дэвэнь кытай тарап кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иш убактысын август айынан баштап, 31-октябрына чейин 2 саатка узартуу чечимин кабыл алганын билдирген.

Мындан тышкары, кытай тарап эки өлкөнүн ортосундагы авиа каттамдардын санын көбөйтүүгө даяр экендигин кошумчалаган.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамдарынын жыштыгын жумасына 3 жолкуга чейин көбөйтүү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM