Марал Радиосу

Чүйдө директорду тандоо сынагынан катышуучулардын 38%ы өттү

17-августта Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Чүй облусундагы директорлук бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.  Чүй облусу боюнча тестке катышууга 182 талапкер документ жиберген.
Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 69 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтогон. Бул катышуучулардын 38%ын түзөт.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин жарлыгы менен 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору ээлеген кызматынан бошотулары айтылган. Июль айынын аягында өлкө боюнча 966 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланган.

Мектеп директорлорун тандоо сынагы буга чейин Баткен, Жалал-Абад,Ош жана талас облусунда да өткөн.

Эскерте кетсек, конкурс Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан өткөрүлүүдө.

Exit mobile version