Марал Радиосу

Ошто таштандыны иргөө үчүн атайын урналар орнотулду

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен «Ош-Тазалык» ишканасы 17-августтан тарта тиричилик таштандыларын бөлүп сорттоочу контейнерлер менен чогултуучу долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар Араван кичи районундагы Г.Айтиев көчөсүндөгү №11, №13 көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна орнотулуп, мындай долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылып жатат.

Бул пилоттук долбоордун алкагында турмуш-тиричилик таштандыларын сорттоп, курулуш жана коммерциялык таштандыларды уруксатсыз чыгарууну көзөмөлдөө үчүн стационардык жерде диспетчер туруктуу жайгашат.

Жалпысынан 10го жакын мындай стационардык участокторду орнотуу пландаштырылууда. Бул долбоор «Ош-Тазалык» тарабынан өз алдынча ишке ашырылып, калаанын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.