Connect with us

Бишкек мэриясы таштандыны мыйзамсыз таштагандарга 114 миң сом айып салды

Кыска кабар | 17 Авг 2022 | 306 | 0

Бишкек шаардык мэриясын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы 114 миң сомго 14 ишканага айып пул салды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Таштандыларды же башка калдыктарды жеринде чыгаруу фактысы боюнча «Петрол ЛТД», «Букит», «Бимар» компаниялары, «У Разия» ашканасына жана жеке уюмдарга айып пул салынды.

Ошондой эле муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам өз аймагынын айланасында күн сайын тазалыкты камсыздап турушу керектигин эскертет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM