Марал Радиосу

18-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 18-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,

Нарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +29…+31 градус болот.

Exit mobile version