Марал Радиосу

Баласы 1-класска бара турган ата-энелер үчүн кеңеш

Мектептин босогосун жаңы аттап жаткан балдардын ата-энелери үчүн психолог жана мугалимдердин кеңештерин бир жерге топтодук.

Эң башкы кеңеш: Паника кылбаңыз! Албетте, жаңы окууга бара жаткан балдардын көпчүлүгүндө эле көйгөйлөр болушу мүмкүн. Бирок, алар үчүн ата-энеси дайыма колдоп, адекваттуу түрдө жардам берип турганы маанилүү.

Баланын мектепке адаптация болуусу ар бир балада ар башкача болушу мүмкүн. Кээ бир балдар 2-3 жумада көнсө, айрымдары жарым жылда араң көнөт. Бул ар бир баланын жеке өзгөчөлүктөрүнө, анын мектепке чейинки даярдыгына жана окуу программасынын татаалдыгына байланыштуу болот.

Ата-энелер үчүн негизги кеңештер:

Психологдун кеңештери:

-Балаңыздын мектепте канча баа алганын эмес, кандай кызыктуу нерсе үйрөнгөнүн, окуяларды сураңыз.

-Эч качан аны башкаларга салыштырып, алардан начар экенин айтпаңыз.

-Начар баа алганы үчүн эч качан урушпаңыз, бала калп айтканга көнүп алышы мүмкүн. Бала ата-энесинин амбициясы үчүн жооп бере турган зат эмес.

-Эрте менен ойготкондо, мектепке жөнөтүп жатканда жылуу сөзүңүздү аябаңыз.

-Сумкасына окуу куралдарын ирети менен салганды башында өзүңүз көрсөтүп бериңиз, бирок кийинчерээк өзү салганга көндүрүңүз. Балаңыз өз алдынчалыкты үйрөнүүсү үчүн бул маанилүү.

-Үй тапшырмасына дайыма көмөктөшүү да баланын өз алдынча өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Албетте, сиз жардамчы болуңуз, бирок качан ата-энем келгенде гана тапшырма аткарылат деген түшүнүк калыптанып калбашы керек.

-Эгер балаңыз сиздин айтканды “туура эмес” деп, мугалими айтканын туура көрүп жатса, анда бул жакшы жышаан. Ал өзүн мектептин бир бөлүгү катары көрө баштаган болуп саналат.

-Мугалиминин кемчилигин баланын алдында талкуулабаңыз. Тескерисинче, педагогдун аброюн жогору коюп, балаңыз менен мугалиминин мамилеси жакшы болушуна өбөлгө түзүңүз.

Ата-энелер үчүн мугалимдин кеңештери:

-Биринчи класстагы балдар көп учурда жазуудан кыйналышат. Беш манжасын чогуу иштетип, түз жазуу бала үчүн өтө оор. Андыктан кыйшык жазуу үчүн балаңызды урушпаңыз. Анын майда моторикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүңүз.

-Бала эрте менен толук тамактанып, жетиштүү суу ичкенин карап туруңуз. Таңкы тамагына жер-жемиш, дан азыктары жана сүт сөзсүз аралаштырып туруңуз.

-Үй тапшырмасын толук аткармайынча столдон тургузбай коюу туура эмес. Бала ар бир 15-20 минут аралыгында физикалык активдүүлүккө муктаж. Балаңыз улам туруп кете бергенине кыжалат болбосоңуз да болот, себеби мындай абал башталгыч класстагы балдар үчүн нормалдуу эле көрүнүш.

-Начар жазган класстык ишин кайра көчүртүп жаздырбаңыз. Бала мунун керексиз экенин сезип, окууга болгон каалоосу төмөндөйт. Анын ордуна ал тапшырмага окшош башка жазууларды жазып көргөнү оң болот.

Баланын мектепке жакшы адаптация болгонунун белгилери:

Балаңыз окууга жакшы маанай менен кетип, келгенде да маанайы жакшы болот. Эгер ал бала бакчада мектептегинен жакшы болчу, — деген сөздү айтпаса, демек бул жакшы жышаан.

Бала маселелерди өз алдынча чече алат: Мектептеги туалет каерде экенин өзү билип, кийимдерин алмаштырып, керектүү учурда чоңдордон жардам сурай билет.

Мектеби, чогуу окуган балдар, мугалими тууралуу үйдө көп сүйлөп, алар тууралуу кызыктуу нерселерди айтып берет.

Жакшы уктайт, башы жана курсагы оорубайт.