Кечээ, 16-август кечки саат 16:16да Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Жер титирөө Ысык-Көл районунун Корумду, Темировка, Григорьевка, Кожояр, Булан-Сөгөттү, Семеневка айылдарында 3,5, балл, Бостери, Көк-Дөбө, Ананьево айылдарында 3 балл, Чолпон-Ата шаарында жана Кара-Ой, Жаркынбаев айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.