Биз менен байланышыңыз

Мектеп формасы боюнча министрликтин билдирүүсү (видео)

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 506 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги бирдиктүү форма тууралуу түшүндүрмө берди.

Маалыматка карганда, өкмөттүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 «Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык, билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык стилде болот.

Окуучулардын кийиминин жалпы көрүнүшү, анын түсү кийимдин классикалык стилге туура келиши керек.

Ошондой эле министрлик социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз экендигин белгилеген. Окуучулар талап кылынган «үстү ачык, асты кара түстөгү» форма менен камсыздалса жетиштүү болот.

Мындан сырткары, быйыл Билим берүү жана илим министрлиги башка министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте мектеп окуучулардын бирдиктүү формасы жөнүндө чечим кабыл алына тургандыгын кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM