Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык 50 студент Башкортостанга окууга барат

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 160 | 0

Кыргызстандан 50 студент М.Акмулла атындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университетине окууга барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 16-августта Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов Башкортостанга окууга жөнөп жаткан студенттер менен жолугушту. Студенттер педагогика жана психология жаатында билим алышат.

Аталган окуу жай студенттерге акысыз билим берип, ай сайын стипендия төлөп турат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM