Марал Радиосу

ОшМУда беш кабаттуу ветеринардык клиниканын курулушу башталды

ОшМУнун Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде беш кабаттуу ветеринардык клиниканын имаратынын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Капсула салууга окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, структура жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам, Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык ассоциациясынын президенти Рафаэль Лагенс баштаган коноктор катышты.

Жаңы курулуп жаткан клиника беш кабаттан турат. Анда окуу лабораториялар, окуу кааналары, окуу залдары болот. Имараттын аянты 3 миң чарчы метр, курулуштун жалпы сметасы 78 млн сом.

Курулуш 2023-жылдын март айында бүтөт.