Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралары күтүлүүдө

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 529 | 0

Бүгүн, 16-августта «Полит Узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу «Социал демократтар» партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасына жарыялады.

Анын айтуусуна ылайык, бүгүн ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында тергөө амалдары аяктаган жана саат 18:00гө чейин башкоргоо чарасы каралары айтылган.

Эске салсак, Фейсбуктагы «Полит узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялагандыгы үчүн суракка чакырылып, 48 саатка камалган. Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров «Жетим-Тоо» кени боюнча билдирүү жасап, анда айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарын аларды тартипке чакырууну тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM