Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев Бакудагы компаниялардын иши менен таанышты

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 162 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Баку шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында органикалык, минералдык жана био жер семирткичтерди, ошондой эле  топурак микроорганизмдерин өндүрүүчү AqriBioEkoTex LLC компаниясынын иши менен таанышты.

Түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана жер кыртышынын эрозиясына каршы күрөшүү жаатындагы кызматташгуу боюнча пикир алышуу жүрдү.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Баку эл аралык деңиз соода порту» жабык акционердик коомунда болуп, анын директору Зиядов Талех Мухаммед оглы менен жолугушту.

Ошондой эле «Алят» эркин экономикалык аймагынын иштөө принциби менен жеринде таанышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тараптын «Баку эл аралык деңиз соода порту» жабык акционердик коому жана «Алят» эркин экономикалык аймагы менен транспорт-логистикалык жана соода-экономикалык тармактардагы кызматташтык боюнча байланыштарды жайгаруу маселеси талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM