Марал Радиосу

Ак-Суу районуна 14 атайын техника тапшырылды

Бүгүн, 16-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна 14 атайын техника тапшырылды. Жалпы суммасы 42 млн сомду түзгөн атайын техникалар Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун, жергиликтүү бюджеттин, Жаратылышты коргоо фондунун каржылоосу менен алынган. Ошондой эле «Айыл банк» аркылуу лизингге жана «Хельветас» долбоору аркылуу алынган техникалар да бар.

Алынган техникалар төмөнкү айыл өкмөттөрүнө бөлүштүрүлүп берилген:

  • Дан өсүмдүктөрүн себүүчү 6 катарлуу Ozdoken маркасындагы агрегат Отрадное айыл өкмөтүнө;
  • Айдоо жерлерин жамгырлатып сугаруучу агрегат Отрадное айыл өкмөтүнө;
  • SHANTUI SL50WN маркасындагы жүк көтөрүмдүүлүгү 5 тонна болгон фронталдык погрузчик Жайыт комитети ассоциациясына;
  • 14кубдук таштанды чыгаруучу атайын техника Челпек айыл өкмөтүнө;
  • Самосвал HOWO ZZ3327N38471 автомашинасы Теплоключенка — Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТСине;
  • Dongfeng маркасындагы таштанды чыгаруучу атайын техника Теплоключенка — Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТСине;
  • Эксковатор-Погрузчик JCB 3 CX Site Master Теплоключенка — Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТСине;
  • JP 800 айдоо жерлерин жамгырлатып сугаруучу агрегат Тепке айыл өкмөтүнө -2 даана, Ак-Чий айыл өкмөтүнө -1 даана, Октябрь айыл өкмөтүнө -1 даана, Каракол шаарына -1 даана, Челпек айыл өкмөтүнө -1 даана, Кара-Жал айыл өкмөтүнө -1 даана тапшырылды.

Exit mobile version