Марал Радиосу

USAID Кыргызстанга 15 млн сомдук медициналык жабдууларды берди

Бүгүн, 16-августта Американын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандагы ооруканаларга жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө көмөк катары заманбап медициналык жабдууларды тапшырды.

Улуттук госпиталга жогорку технологиядагы мобилдик видеобронхоскоп берилди. Чүй областтык ооруканасына мобилдик рентген-аппараты, ал эми Ош шаардык ооруканасына шейшептерди жана бейтаптардын буюм-тайымдарын дезинфекциялоо үчүн атайын камералар берилди. Жабдуулардын жалпы наркы 15 млн сомду (190 миң доллар) түзөт.

Коронавирус пандемиясын башталган баштап, USAID Кыргызстанга 10 млн доллардан ашык өлчөмдө акча бөлүп берген. Анын ичинде, 1,4 млн долларга кычкылтек концентраторлору жана лабораториялык жабдуулар алынган.