Марал Радиосу

Түркиядагы мелдеш: Фехтование боюнча Роман Петров алтын тагынды

Роман Петров Ислам шериктештиги оюндарында фехтование боюнча жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Финалдык оюнда Роман Петров азербайжандык спортчу менен беттешип, атаандашын 12:15 эсебинде жеңип алды. Ошентип улуттук курама команданын эсеби дагы бир алтын медаль менен толукталды.

Эске салсак, Ислам шериктештиги оюндары быйыл Туркияда өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча мелдештерге катышып келе жатат.