Марал Радиосу

Бишкекте айымдарга Садыр Жапаровдун атынан жоолуктар таратылды (сүрөт)

Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Замир кары Ракиев Бишкектеги Сарахсий мечитинде өлкө башчы Садыр Жапаров тарабынан берилген жоолуктарды тапшырып, аял затынын исламдагы орду боюнча баян өттү. Бул тууралуу Муфтияттын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, жоолуктар муфтияттын алдындагы Хадижа айымдардын окуу борборунун лидерлери жана окуучуларына берилген.

Жолугушууда муфтий Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ишмердүүлүгү, аялзаты үчүн уюштурулуп жаткан сабактар жана окуу курстары боюнча айтып берген.

Ошондой эле иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Гульназ Исаева катышып, 2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган концепцияны түшүндүрүп берген.