Биз менен байланышыңыз

«Элдик курултай» жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 378 | 0

Президент Садыр Жапаров «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти. 

Маалыматка карганда, элдик курултай – коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңеш берүүчү, байкоочу чогулуш, ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет.

Конституциянын 7-беренесинде каралган Элдик Курултайды түзүү зарылдыгын эске алуу менен, Элдик Курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 61-беренесин, Конституциянын 4, 7, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып токтом кылынат:

  1. 2022-жылдын 25-ноябрында жума күнү Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай чакырылсын.
  2. Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин (мындан ары – Уюштуруу комитети) курамы жана Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо ушул Жарлыктын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
  3. Уюштуруу комитети:

– административдик-аймактык бирдиктерден (айыл аймактарынан жана шаарлардан), эмгек мигранттарынан, конфессиялык коомчулуктардан Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн;

– биринчи Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка зарыл чараларды көрсүн;

– Элдик Курултайдын регламентинин долбоорун андан кийин Элдик Курултайдын бекитүүсүнө киргизүү менен иштеп чыксын.

— Министрлер кабинети жана президенттин иш башкармасы Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан финансылык жана башка уюштуруу-техникалык маселелерди Министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунун жана президенттин фондунун каражаттарынын эсебинен чечсин.

— Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте биринчи Элдик Курултайды даярдоодо жана өткөрүүдө Уюштуруу комитетине көмөк көрсөтсүн.

— Ички иштер министрлиги жергиликтүү курултайларда Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

Ошондой эле бул жарлык менен биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилди:

Касмамбетов Суйунбек Сапарбекович – Мамлекеттик катчы, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Абдразаков Бейшенбек Токтобаевич – «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Абыкеев Чолпонбек – Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;

Борубашов Бекбосун Ишенбекович – Президенттин кеңешчиси, 2020-жылдагы Конституциялык кеңешменин төрагасы;

Айтиев Замирбек Каримович – Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин катчысы;

Алымбаев Абдрахман (Байас Турал) – «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Арабаев Чолпонкул Исаевич – «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Дуйшеев Кубанычбек Турдумамбетович – «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Кошалиев Кадырали Амиракулович – «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Райымкулов Билим Сардалбекович – Адвокатуранын Адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Джунушалиев Айбек Жанышбекович – Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Укушов Мурат Каниметович – Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;

Кожоев Мирбек Кокулбаевич – Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

Туманбаев Каныбек Тургунбекович – Президенттин иш башкаруучусу;

Алимбаев Абдикарим Карбекович – Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Алымбаев Нурил Джайылбекович – Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Жамалдинов Зиядин Исламович – Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Нарбеков Бакытбек Наркулович – Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Сыргабаев Абсаттар Токтогулович –Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич – Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Эргешов Алтынбек Калдарович – Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович – Бишкек шаарынын мэри;

Мамбетов Алмаз Ишенбекович – Ош шаарынын мэри.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM