Марал Радиосу

Өзгөндө жол кырсыгынан 13 адам жабыркады. Сегизинин абалы өтө оор

Ош обусуна караштуу Өзгөн шаарында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 13 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзгөн шаарынын Такачы көчөсүндө эки «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа жана «Дэу-Лабо» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 13 адам жабыркаган. Алардын ичинен сегизинин абалы өтө оор болсо, бешөө жеңил жаракат алышкан. Тартылган 4 куткаруучу жаракат алган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.