Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Венгриядагы маданият күндөрү жыйынтыкталды (сүрөт)

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 91 | 0
Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата 11-августтан 14-августка чейин маданият күндөрү өткөрүлдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы жана майрамдык гала-концерт Венгриянын борборундагы Будапешттин музыкалык борборунда өттү.

29 адамдан турган кыргыз делегациясын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жетектеп барды.

Расмий конок катары ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министерствосунун өкүлдөрү, чет мамлекеттердин Венгриядагы элчилери, Будапешттеги эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коомдук жана саясий ишмерлер, Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү жана Венгрияда жашаган кыргызстандыктар чакырылды.

Анда «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин катышуусунда майрамдык концерт тартууланды. Мындан тышкары, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жана көркөм кол өнөрчүлүк чеберлеринин эмгектеринин көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Ошондой эле Маданият күндөрүнүн жабылышы 14-августта Бугац шаарында майрамдык гала-концерт менен аяктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM