Биз менен байланышыңыз

Ош шаарына жаңы жол техникалары алынды

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 92 | 0

Бүгүн, 15-августта Ош шаардык жолдор башкармалыгына жаңы атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул техникалар менен ишкананын мүмкүнчүлүктөрү бир топ жогорулап, жол жумуштарын өз алдынча ишке ашырууга шарт түзүлгөн.

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында, төмөнкүдөй атайын техникалар алынды.
  • вибракаток, салмагы 10 тонна, 2022-жылы чыгарылган;
  • жол фрезердик станок (жолдорду оңдоодо топуракты же жолдун үстүнкү катмарын (анын ичинде асфальт-бетонду) алып салуу, жумшартуу жана майдалоо үчүн колдонулуучу машина), салмагы 16 тонна, 2022-жылы чыгарылган;
  • жол чийиндерин чийүүчү станок (2022-жылы чыгарылган) жана Hyundai porter автоунаасы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM