Биз менен байланышыңыз

Бүгүн ТИМ башчысы Түркияга расмий сапар менен барат

Кыска кабар | 16 Авг 2022 | 370 | 0

Бүгүн, 16-августта Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат бөлүмү билдирди.

Эки күндүк сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү жана биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйыны өткөрүлөт.

Анын жүрүшүндө саясий, соода-сатык жаатындагы көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган кыргыз-түрк мамилелерине тиешелүү маселелери каралат.

Мындан тышкары, бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана эки тарапты кызыктырган аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу пландаштырылууда.

Copyright © 2017 Maral FM