11-августта башталган көргөзмөгө Кыргызстандан 5 туристтик компаниясы катышкан. Аларды Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова, Кыргыз туризм фондунун президенти Елена Калашникова жетектеп барып, Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова коштоп жүргөн.
Көргөзмөдө Корея жана башка мамлекеттер менен түз байланышка чыгып, туристтик багытта келишимдерди түзүү менен бул жаатта кызмат көрсөткөн компанияларды ишин жылдыруу максатталган.
Иш-чарага Кыргызстандын, Кореянын, Тажикстандын, Омандын, Колумбиянын, Шри-Ланканын, Мальтанын туристтик компаниялары өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн.
Белгилей кетсек, кызыл түстө жасалгаланган кыргыз павильонунда руханий өзгөчөлүктү, кооз жаратылышты, улуттук каада-салт менен тамак-ашты, меймандостукту чагылдырган тасмалар, сүрөттөр жана буюм-тайымдар коюлган.
Андан тышкары, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү боюнча атайын баяндамалар жасалып, келгендерге материалдар таратылды.