Биз менен байланышыңыз

Касмамбетов «Манастын уулу Семетей» тасмасы боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 420 | 0

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Манастын уулу Семетей» көркөм тасмасынын тартылуусу боюнча пикирин «Кабар» агенттигине билдирди.

Анда ал «Манас» эпосун көркөм тасма жанрында жаратуу демилгеси тээ 1939-жылы эле башталып, Кыргыз ССР Өкмөтүнүн көркөм фильм тартуу жөнүндө токтому чыккандыгын, тилекке каршы, согуш башталып токтоп калганын айткан. Андан кийин кайрадан жандандыруу демилгесин колго алган Жоомарт Бөкөнбаев 1944-жылы фильмге жер тандоо сапарында жол кырсыгынан улам кайтыш болгондугун белгилеген.

Мындан сырткары Төлөмүш Океевдин, Болот Шамшиевдер дагы «Манас» фильмин тартууга аракет кылышып, бирок колдоо болбогонун белгилеген.

Сүйүнбек Касмамбетов Өмүрзак Төлөбеков тарткан «Манастын уулу Семетей» драмасынын жаралуу таржымалын мындайча түшүндүргөн: «Айкөл Манас» үчилтигин даярдоо дал ушу «Манастын уулу Семетей» пьесасын жазуудан башталат. Ал 1982-жылдан бери Кыргыз улуттук драма театрында үзбөй коюлуп келет. Өлкөнүн театралдык мезгилинин башталуу аземи да такай ушул драма менен ачылат. Ошондон улам, быйыл спектаклдин жасалгалары жана коюлуу амалдары толугу менен өзгөртүлүп, «Төлгө» деген жышааналуу аталышка ээ болду. Ылайым, жакшылыктын жышааны болсун!

Менимче, «Манастын уулу Семетей» фильмине ошол пьесанын негиз катары тандалып бекеринен эмес. Ал 40 жылдан бери өлкөнүн дээрлик баардык театрларынын репертуарына кирип, мезгил сынынан тайгылбай өткөн чыгарма. Албетте, ал сахнанын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жазылган чыгарма болгондуктан, көркөм тасманын жанрдык табиятына жараша айрым бир өзгөртүүлөр киргизилсе керек, эми ал турулуу нерсе» , — деген Касмамбетов.

Касмамбетовдун айтымында, «Манастын уулу Семетей» драмасынын башкы леймотви мындай: кан Манас өлгөндөн кийин чар тарапка чачылган кыргыз журтун жыйноо, аларды ички жана тышкы душмандардан коргоо. Башкы каармандар – Бакай, Чыйырды, Сарытаз, Бакдөөлөт ж.б.у.с.лар. Алар элдик эстутумду сактап туруучулар болуп саналат. Букардан өз элин издеп, өз жергесине кайтып келген Семетейге кеп-кеңешин берип, жол көрсөтүп турушат. Экинчи тарап – кан Манас жокто бийлигине эсирип, душмандар менен келишип алган, эл-журтун таруудай чачыратып, мал-мүлккө эркин-эмен ээ болуу кынуусун алган Жакып, Абыке, Көбөш.

Мындан сырткары ал манасчы Дөөлөт Сыдыковдун «»Манасты» тартканга болбойт, «Манаска» тиши өтпөсө тийбеш керек» деген пикирине кошула албай тургандыгын жазган.

«Манастын уулу Семетей» фильминин тартууга негизги каржылык колдоону ишкерлер көрсөткөн. Чыгармачылык жактан «Казакфильм» жана Орусиялык киностудиялар көмөк көрсөтүшкөн.

Андан тышкары, кинотасма эл аралык Шанхай кызматташтык уюмунун «Бир алкак – бир жол» («Жибек Жолу») долбоорунун алкагында жана «Түрксой» уюмунун колдоосу менен көрсөтүлмөкчү.

Белгилей кетсек, 25-августта кинорежиссер Өмүрзак Төлөбеков тарабынан тартылган эки бөлүктүү «Манастын уулу Семетей» көркөм тасмасы жалпы элдин сынына коюлат.

Көркөм фильмдин тартылуусу коомчулукта ар түрдүү сын-пикирлерди жаратып келүүдө. Ошондой эле бул таманын тартылуусуна бир топ манасчылыр нааразычылыгын билдиришкен.

Эске салсак, ушул жылдын 21-майында президент Садыр Жапаров «Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын чыгарган. Ал улуттук кино өнөрү мамлекеттик саясаттын маанилүү милдеттеринин жана артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен чыгармачылык уюмдарга кино тармагына колдоо көрсөтүү тапшырмасын берген.

Copyright © 2017 Maral FM