Марал Радиосу

Зардалы айылы интернетке кошулду (видео)

Кыргызстандын эң алыскы айылы болгон Зардалыга интернет жеткирилди. Учурда жабдыктарды орнотуу дээрлик бүтүп калды. Бул тууралуу ISOC интернет-коомунун кыргыз бөлүмүнүн долбоордук инженери Халил Ибрахим билдирди.

Маалыматка караганда, учурда интернет тартып жатат. Жабдыкты орнотуу боюнча иштер экинчи ирээт жүргүзүлүүдө. Биринчи жолу жабдык 2021-жылы орнотулуп, бирок кийинчерээк туура эмес колдонуудан улам иштебей калган.

Жабдыкты орнотууга каражат интернет-коомунун башкы кеңсесинен бөлүнгөн. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 3 миң доллар каражат керектелген.

Интернет колдонгондугу үчүн жашоочулар төлөмдөрдү «Кыргызтелеком» ишканасына төлөшөт.

Зардалы Кыргызстандын эң алыскы айылы. Электр жарыгы, радио, телевизор, интернет жок. Айылга жетүү үчүн унаа жол жок болгондуктан тоо-ташты аралап барууга туура келет.

Exit mobile version