Марал Радиосу

Бир сутка өлкөдө 15 өрт кырсыгы катталды

Бир сутка өлкөдө 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы жана куткаруу кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо конушунун Алтын-Ордо көчөсүндөгү ачык аянтта 1 гектар куураган чөп күйгөн. Ошондой эле Чүй проспектисиндеги турак үйдүн короосунда жалпы аянты 20 чарчы метр куураган чөп күйгөн.

Ошондой эле өрт кырсыгы Баткенде- 2, Ош облусунда– 1, Чүй облусунда – 3, Талас облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда-2 өрт кырсыгы катталган.

Мындан сырткары куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.