Марал Радиосу

Бишкекте сентябрда «Антиконтрафакт» эл аралык форуму өтөт

Бишкек шаарында 26-28-сентябрда «Антиконтрафакт X» мааракелик эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Форум өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо маселелерине арналган.

Иш-чарада 12 темада талкуу уюштурулуп, анда бажы, техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо,дары-дармектердин, медициналык буюмдардын онлайн-соодасы темалары козголот. Ошондой эле интеллектуалдык менчик, курулуш материалдарын, китеп сатуу, тамеки жана никотин камтыган продукциялардын тармагында IT-технологияларды колдонуу маселелери каралат.

Форумдун милдеттерине ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулугунун ишинин маалыматтык ачыктыгын жогорулатууга көмөктөшүү, өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу кирет.