Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 15-августта күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36,
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37,
Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +33…+35 градус болот.